Первая Лига

Биринчи Лигада сенсация жараткан "Ысык Көл" командасынын башкы машыктыруучусу менен маек

15 октября 2018 г.
Биринчи Лигада сенсация жараткан "Ысык Көл" командасынын башкы машыктыруучусу менен маек

ФЛК : Саламатсызбы Токтосун Сеиталиевич сизди ийгиликтүү дебюттук сезон менен куттуктайбыз, Ыссык Көл командасы көрсөткөн оюн көптөгөн куйөрмандардын журөгүндө орун алды десек туура болот.

Жооб : Саламатчылык,куттуктооңорго рахмат. Быйылкы сезондо команда жана машыктыруучу штабы болгон күч аракетин жумшашты,жыйынтык көрсөтүү биздин башкы максат болчу!

Суроо : Сиздин команда Биринчи Лигада өзгөчө сенсация жаратты десек болот, дебютант катары Ысык-Көл командасы мыкты оюн көрсөтө алды. Айтынызчы сезондун башында командаңыз ушундай көрсөткүчтөргоңө жете алат деп ойлодунуз беле?

Жооб : Өзүңүздөр билгендей быйыл 2018 жылы Кант шаарында январь,февраль айында Кыргызстандын кышкы биринчилиги болуп өттү, ал турнирге Топ-Лиганын Кара-Балта жана Илбирс командасы жана биринчи лиганын 7 командасы ,катышкан. Биз бул турнирге чейин Кыргызстандын эч бир лигасында ойнобой туруп, ошол турнирди утуп Кыргызстандын кышкы биринчилигин жеңип алдык,мына ушул жеңиштен кийин 1 лигага катышып, чемпиондук үчүн күрөшкөнгө ишеним пайда болду.

Суроо : Сезон учурунда кандай маселелерге туш болдунар?

Жооб : маселе көп деле болгон жок,бирок оюндардын аралыгы көпкө созулуп кеткендиги кыжаалат кылды,андан сырткары бизде футболчулар баардыгы жумушта иштегенине байланыштуу көпчүлүк оюндарды толук кандуу курам менен ойногон жокпуз.

Суроо: Оюнчуларыныздын Биринчи Лигада болгон адаптация процесси кандай отту жана кандай маселелер болду?

Жооб : Оюнчуларга менин оюм боюнча адаптациякөп деле маселе туудурган жок,көпчүлүк оюнчулар жумушта иштегенине байланыштуу кээ бир футболчуларыбызды жумуштан бошотпой койгону маселе болду

Суроо : Ысык-Кол командасы сезондун аягына чейин чемпиондук учун курошту, бирок маанилуу беттеште упай жоготту, бул корунушко эмне себеп болду?

Жооб : Себеби бизде өзүбүздүн деген фактор болгон жок, айта кетчу нерсе биз 18 оюнду тең конокто өткөргөндөй болдук,биз Каракол стадионунун жетекчисине , обл федерация жетекчиси Усупов Алмазга чоң ыраазылык билдиребиз, алар стадиондун баардык шарттарын түзүп берип жатты,Бостери айылынан Караколго чейин 140 км,ошондуктан күйөрмандарыбыздын колдоосуна ээ боло алган жокпуз

Суроо : Ысык-Кол командасына сиз машыктыруучу катары кандай оюн стилин тандадынар?

Жооб : Биз оюнга чабуул стилди тандап алдык, кыскасы топту тезиреек алдыңкы линияга жеткизгенге аракет кылып жаттык,өзүңүздор билгендей 1 лиганын 1,2 орунунда Ниязалиев Мурас жана Тынчыбек уулу Асылбек бомбардирлик тизмеде турат, жалпысынан 17 оюнда 61 гол жараттык бул биздин чабуул стилде ойногонубузду тастыктап турат.

Суроо : Сезонго даярдык иштери кандай отту эле жана ал даярдык толук кандуу команданызга жардам бере алдыбы?

Жооб : Эң жакшы суроо,бизде атайын лигага даярдык болгон жок, сбор өтүлгөн жок,биз жөнөкөй гана айылыбызда тренировка кылып алып катыштык,буга себеп финансы, обл администрация, Ыссык Көл обласынын Футьбол Федерациясы финансы жагынан жана формаларыбызга жардам беришти.

Суроо : Учурда сиздин командызда кайсы позиция маселе жаратып жатат?

Жооб : Ар бир позицияда өзүнчө маселелер бар, аны чечкенге аракет кылабыз, биз үчүн эң чоң маселе оюн практикасынын жоктугу.

Суроо : Сыр болбосо айтынызчы, Ыссык Көл командасын жаңы сезондо өзгөрүүлөр кутуп жатабы?

Жооб : Жакшы суроо экен, бул сыр деле эмес биздин оюбуз тилегибиз Топ Лигада ойноо, баягы кыргызда макал бар эмеспи кудайдын кулагы сүйүнсүн деген. Биз сентябрь айында Топ Лиганын 2 командасы менен беттеш өткөрдүк, Нефтчи менен 3:2 эсебинде ойнодук, Алайды 6:5 менен утуп алдык, бул оюндар бизге алдыга умтулууга түрткү берди кудай буюрса финансы маселеси чечилсе Топ Лигага ойногонго ниет бар!

Маегиңиз үчүн чон ырахмат, сизге жана командаңызга ийгиликтерди каалайбыз!

Последние Новости

Больше новостей

Последние Видео

Больше видео